Мурдагы депутат Жаныбек Абировдун иши боюнча тосмо арыз жазылганы маалым болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча тосмо арыз түшкөнүн бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди.

Бирок ал кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынарын белгиледи.