6-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Анын адвокаты Бакыт Осмоналиев журналисттерге билдиргендей, Исаев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. «Сот баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүмдү канааттандырды», — деди жактоочу.