Мурдагы депутат Канат Исаев эмне үчүн камакка алынды? Соттон түшүндүрмө беришти

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-октябрындагы токтомуна ылайык, УКМКнын тергөөчүсү Канат Исаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.

«2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучуга карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал  УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Экс-депутат Канат Исаев кечээ, 23-октябрда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакка алынганын билдиришкен. Саясатчы соцтармактагы баракчасына саясий куугунтук жүрүп жатканын жазды.