Мурдагы депутат Канат Исаев сот залынан бошотулду (видео)

Канат Исаев 23-октябрда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Саясатчы соцтармактагы баракчасына саясий куугунтук жүрүп жатканын жазган. Соттон «2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучуга карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды» деген.

Бүгүн, 11-январда анын сот залынан бошотулганы маалым болду. Биринчи Май райондук сотунан анын 20-февралга чейин үй камагына чыкканын билдиришти.