Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу Камчы Көлбавдин кылмыштуу кирешелерин адалдаштырууга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат шектүү зооттолгон Lexus LX 570 (2020-жылкы) унаасын өзүнө каттап, Көлбаевге жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө колдонууга берип жүргөнүн айтты. Ал кримтөбөлдүн үй-бүлөсү менен жакын мамиледе болгону дагы кошумчаланды.
«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.М.га тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубайдын элиталык аймагында жайгашкан баасы 4,5 миллион долларлык 24 батир аныкталган», — дешти.