Мурдагы экология министри Динара Кутманова 9-октябрга чейин камакта болот

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы экология министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 9-октябрга чейин камакта болот.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурууга шектеген.