Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү 20 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын мурдун жана кулагын кескилеген Азамат Эстебесовдун иши боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүмү чыкты. 

Иш судья Таалайкүл Кадыркулованын төрагалыгы алдында жабык эшик артында каралды. Сотко Эстебесов жеткирилди.

Сот Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратты, ошондой эле ал Аселге 2 миллион сом төлөп бериши керек.