Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү эмне үчүн өмүр боюга кесилген жок?

Сокулук райондук сотунун 26-январындагы өкүмү менен айыпталуучу 80 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттон билдиришти. 

Ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 миллион сом өндүрдү. «Айыпкерге угузулган беренелер боюнча өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалбайт», — дешти.