Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү мыйзамга баш ийерин айтты.
Ал өзүн Мирлан Маратов деп тааныштырып, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айтты.
Мирлан Маратов Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри. 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.