УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фондунун» кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң доллар бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түздү. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга фонд тарабынан берилген.
Иликтөөнүн жүрүшүндө фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Ходжаев» ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 миллион сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүн экс-министр Динара Кутманова колдоо кылган, ал эми “Хожаев” ИП экс-министрдин уулунун жакын досу.
Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт, 23 миллион сомдук айырманы Кутманованын өзүнүн үй-бүлөсү колдонгон. Эксперттик комиссиянын 3 отуруму мурдагы министр тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.
Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлдү, башкача айтканда максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилет жана каржыланат. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.
Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана экс-министрдин уулу долбоорду каржылоонун суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө алган. Мындай көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору 5 чарбалык субъектилерден 17 миллион сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.
Ошондой эле, экс-министрдин эжеси «Жашыл Мурас» коомдук фондунун долбоору боюнча 7 миллион 560 миң сом алган, бул каражаттын алынышына себеп болгон. Эжеси кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.
Дагы бир факты – «Э.К.» коомдук фондунун эсебине Чүй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 миллион сом которулган. Ал эми коомдук фонддун директору, чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 миллион сомдун 15 миллионун Кутманованын үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган.
Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталууда:
1. Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
2. Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-орун басары — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
3. Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
4. «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун директору – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
5. Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси — үй камагына чыгарылган;
6. Жакын тууганы;
7. Үй-бүлөсүнүн жакын мамилеси бар жеке ишкер — УКМКнын СИЗОсуна камалган;
8. «Э.К.» коомдук фондунун директору, — чындыгында ал үй кызматчысы болгон -УКМКнын СИЗОсуна камалган.
Учурда КР УКМК тарабынан дагы башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.