Мурдагы өкмөт башчы Абылгазиевдин бажасы Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев убактылуу тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу күч органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жамгырчиев тергөө менен кызматташып, мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн. Мындан улам Бишкек шаарынын Биринчи май райондук судьясы прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Бирок Жамгырчиевдин учурда тергөө иши аягына чыга электигин кабарлашты.

Өткөн жылдын ноябрь айында өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов жана Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендигин УКМК аныктап, камакка алган болчу. Жамгырчиев мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы.