Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгып кеткенби? Соттун жообу

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына жашыруун чыгып кеткен деген билдирүүнү интернет колдонуучу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

СЕРЕП МЕДИА маалыматты тактоо үчүн Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы менен байланышканда Абылгазиев боюнча айтылгандар чындыкка дал келбээрин жана ал учурда СИЗОдо экендигин билдирди. Мурдагы өкмөт башчынын баш коргоо чарасы 26-июлга чейин узартылганы да маалым болду.

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.