Экс-премьер Темир Сариев 30-ноябрга чейин УКМКнын абагында болот

Бүгүн, 24-сентябрда мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Маалыматка караганда, ал 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Темир Сариев УКМК тарабынан 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.