Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калтырылды

Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Тактап айтканда, Бишкек шаардык соту анын жактоочусунун доо арызын канааттандырган жок. Ал 30-сентябрга чейин камакта болот.

Темир Сариев УКМК тарабынан кечээ, 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.