Мурдагы премьер-министр Темир Сариев күбө катары сурак берип чыкты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары бүгүн, 27-майда да сурак берип чыкты. Бул маалыматты өзү айрым маалымат булактарына тастыктап, бирок чоо-жайын толук айткан жок.

Бир күн мурун да суракка чакырылганын жергиликтүү маалымат каражаттарына Аскер прокуратурасындагы жеке булактар маалымдаган.

«Кумтөргө» байланыштуу кылмыш иштерин териштирип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети азырынча Сариевдин суракка чакырылганын төгүндөй элек. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыларын билдирген эле.

Ушул айдын башында парламент «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алып, ал 14-майда күчүнө кирди.