Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан кармалды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

«Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, 3-августта өлкөнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариевди УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими тергөө тарабынан кабыл алды. Тергөөнүн жүрүшүндө, Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды. Темир Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат, анын жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт»,— деп айтылат маалыматта.

УКМК кошумча түрдө Кумтөр иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу, анын ичинде Темир Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалымат коомчулукка берип турарын маалымдады.