Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды

Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. Андан тышкары, мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбогон мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды, көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Алмамбет Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде кечээ, 16-июнда «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.