Мурунку аялын көчөдө сабаган киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-сентябрда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына эркек кишинин аял кишини сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Жерине барган милиция 1990-жылы туулган жаран менен анын 1988-жылы туулган мурдагы жубайы экөө урушуп кетип, кесепетинен аялды сабап салганын аныктаган. Жаран кармалып, тергөөгө жеткирилген.