Мурунку премьер-министр Темир Сариев Аскер прокуратурасына сурак берди

26-майда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Ал «Кумтөр» кениндеги келишимдер боюнча суракка алынып, андан кийин бошотулганын Kaktus.media өз булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр» кенинин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комисиянын төрагасы Акылбек Жапаров компанияга байланыштуу мурунку президенттер менен премьер-министрлерди айыптап чыккан. Анын айтымында, Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезде, ал «Центеррага» 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом талап кылып, бирок бул сумманы өндүргөн эмес. Сариев өзү бул маалыматты четке каккан.