Мурунку укук коргоо кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

3 жолу соттолгон, мурдагы укук коргоо органынын кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, ал 2021-жылдын 17-октябрь күнү ишенимине кирген жаран анын Тойота-Камри жана Лексус JX-470 үлгүсүндөгү унаасын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген. Шектүү жабырлануучунун унааларын башка бирөөлөргө сатып жиберип, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Иликтөө учурунда ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, учурда дагы Жалал-Абад соту тарабынан «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен сот жообуна тартылуу алдында турган, мурдагы милиция кызматкери экендиги аныкталды. Шектүү 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып, Ош ШИИБисинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштер уланууда. Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт.