Муунтуп, кийин көөмп… Кара-Сууда 2 кишини өлтүрүүгө шектелген 2 жаран камакка алынды

Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен шектелгендердин бөгөт коюу чарасы Кара-Суу райондук сотунда каралды. Шектүүлөр эки айга 19-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымдашты.

20-мартта Кара-Сууда бир күндө дайынсыз жоголгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганы маалым болгон. Ош облустук милициясынан билдиришкендей, шектүүлөр Хонда Фит унаасын ижарага алышып, аны менен такси кызматын көрсөткөндөй болуп, адегенде 20 жаштагы Өзбек жаранын, кийин 36 жаштагы Ош шаарынын тургунун унаага салып, жолдон акча талап кылышып, жок деген жоопту уккан соң, муунтуп өлтүрүшүп, кийин көмүп коюшкан. Кылмышка шектелип Өзбекстандын Андижан облусунун 28 жаштагы тургуну жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну кармалышкан.