«Муунтуп, уруп-тепкилеп». Жалал-Абадда 24 жаштагы келин сабалып, тонолду

Жалал-Абадда келинди өзүнө тааныш адам сабап кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июлга караган түнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну, 24 жаштагы келин милицияга арыз менен кайрылган. Анда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өзүнө тааныш болгон эркек киши спирт ичимдигин ичип мас абалында уруп, тээп, муунтуп, денесине жаракат келтирип, Redmi 9А телефонун жана Мбанк электрондук картасынан 52 миң 900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.

Кесепетинен келин денесинен жараат алып, оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 206-беренеси боюнча иш козголгон. Териштирүү иштердин жүрүшүндө шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталган. Азыркы учурда анын жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Бакыт Молдожанов Жалал-Абадда 24 жаштагы келин 29-июлга караган түнү чала жан болуп сабалганын, бирок милиция аны жасаган кылмышкерлерди издебей, чара көрбөй жатканын билдирген. Анын айтымында, келиндин 7 айлык баласы бар. Учурда апасы ооруканада жаткандыктан, ымыркайды чоң апасы карап жатат.