Мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул маалыматты Биринчи май райондук соту ырастады.

Маалыматка ылайык, Осмоналиевдин баш коргоо чарасы мамлекетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп бергенине байланыштуу өзгөртүлүп, өлкөдөн сыртка чыкпоо чарасына алмаштырылды.

Коопсуздук комитетинин билдиришинче, Осмоналиев Жогорку Сотто иштеп турганда өз пайдасын көздөп мамлекеттин кызыкчылыгына зыян алып келүүчү чечимдерди кабыл алган. Ал көп сандагы объектилерди, анын ичинде ВИП-шаарчанын ичинен элиталык кыймылсыз мүлк, алдыңкы курулуш компаниялардан батирлерди, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жакшы пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди, люкс-класстагы автоунааларды сатып алганы тастыкталган.

“2021-жылдын 20-январында ал убактылуу кызматынан четтетилип, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда мамлекетке 70 миллион сом кайтарып берди. Калган 44 миллион сомун 3 айдын ичинде төгүп берүүгө милдеттендирилди. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду», — деп айтылат маалыматта.