Жогорку Кеңештин экс-депутаты, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) тарабынан мыйзамсыз баюуга айыпталып жаткан Марат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мекеменин айтымында, мурдагы эл өкүлдүн төккөн 50 миллион сому Мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине которулган деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле УКМКнын айтымында келтирилген зыяндын көлөмү келтирилген зыяндын өлчөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөнүп берилет.
Бирок буга чейин УКМК Марат Аманкулов жеген акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард сомдон ашык экенин айткан.
Анда, Аманкуловдун соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» эс алуу борборунда коттедж, 3 хан сарайы жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 автоунаасы бар экенин жарыялаган. «Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык каражатты түзөт»,— деп айткан УКМК өз учурунда
Ошондой эле эл өкүлүнүн мындай чуулгандуу окуясынан кийин бүгүн, 10-апрелде анын депутаттык мандаты алынды.