Мыйзамсыз баюуга шектелген Бишкектин экс-вице-мэри мамлекеттик казынага 30 миллион сом которду

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюу ишинин алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК бийликтин эң жогорку эшелону болгон адамдар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеп, жакын туугандарына жана филиалдарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлктүн ээси, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азыгалиев Уланбек Шайлообековичке байланыштуу маалыматтар алынып такталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

15-июнда УКМК Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси, 11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баадагы унааларын өзүнө тиешелүү адамдарга каттатканы да маалым болгон.