Мыйзамсыз баюуга шектелип Жогорку Соттун судьясы кармалды

Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шектелип УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды.

Анда судья өз мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын мыйзамга ылайык декларацияга киргизүүгө милдеттүү экендиги жазылат. Тийиштүү киреше булагы жок ал көп сандагы мүлк сатып алган. Анын ичинде VIP-шаарчадагы элиталык үй, кымбат баалуу көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер, коттедждер, соода түйүндөрүндөгү коммерциялык жайлар, люкс-класстагы унаалар жана башка байлыктары бар. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү тийиштүү мамлекеттик органдарда катталган эмес, айрым учурларда башка эле адамдарга катталган.

«Андан тышкары, судья Камил Осмоналиевдин жана анын жакын туугандарынын Бириккен Араб Эмирликтери, Түркия, Азия өлкөлөрү жана АКШнын курорттук аймактарына бат-баттан саякаттап барганы аныкталды. Судья Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу тууралуу Утурумдук өкмөттүн декретин өз чечими менен жокко чыгарган. Анын мындай чечими мамлекеттин кызыкчылыктарына миллиондогон зыян тийгизген», — деп жазылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен Камил Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.