ИИМдин ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу үчүн 12-ноябрдан 15-ноябрга чейин өлкө аймагында «Жарнама тактасы» аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү.
Анда жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башка көрнөктөрдү өз билемдик менен орнотуп алган 109 факты аныкталып, тийиштүү протоколдор толтуруу менен 327 миң сомго айып салынды. Ошондой эле көрнөк-жарнактарды туура эмес орноткон 78 жаранга эскертмелер берилди.