“Мүлк талашышкан”. Чүйдө көмүлгөн 49 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылындагы кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

21-ноябрда Таш-Башат айылынын аймагында денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда, денесинен көптөгөн бычактан жаракат алгандыгы аныкталган. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Катталган кылмыштын оордугун эске алуу менен тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, тергөө амалдарын жүргүзүү Чүй ОИИБдин Тергөө кызматына тапшырылган. Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлүктүн аты-жөнү такталып, анын 1974-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан 2022-жылдын 18-октябрынан бери изделип жатканы аныкталган.

Кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган жаран аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталган. Тергөө уланууда.