Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмү такталууда. Азыркы тапта Транспорт министрлигине караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат.

Бүгүн, 16-январга караган түнү саат 03:00дөр чамасында Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 08:20да жол ачылып, каттам берилген.