Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 метр куб кар көчкүсү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан тышкары, 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 сантиметр кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган. Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн, 5-январда жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган.