Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу учурда жабык

АРХИВ

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу учурда жабык. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-майда саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүрүп, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 57-чакырымын суу каптаган. Ал жерге Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.