«Мүрзөгө алып барып коркутушкан». Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 21:00 чамасында аны унаага күч колдонуп салып, мүрзөгө алып барып, 530 миң сомун кечүүнү талап кылышкан жарандарга чара көрүүнү суранган. Ал мурда алар алган унаанын акчасы болгон.

Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1999, 1993, 2004-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган.