Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап жүргөн 4 жигит кармалды

Москва районундагы мүрзөнүн темир тосмолорун уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын март айынын башында Москва РИИБге бир нече жаран арыз менен кайрылып, мүрзөдөгү темир тосмолорду белгисиз бирөөлөр уурдап жатышканы тууралуу кабарлашкан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 19-20 жана 21 жаштардагы төрт жигит кармалды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүлөрдүн Москва районунун аймагында темир тосмолорду уурдоо боюнча 7 фактыга тиешеси бар экени такталган.

Кармалган жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.