3-август күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясына 1994-жылы туулган эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тогуз-Торо райондук №46 ӨККБдан куткаруучулар 3-4-август күндөрү издөө иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтык болбогондуктан 5-6-август күндөрү кошумча издөөгө Токтогул райондук №97 ӨККБдан 5 куткаруучу Камбар-Ата ГЭС-1ден баштап суунун карама каршы агымын көздөй издөө иштерин жүргүзүүдө.