Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен айдоочу изделүүдө

Кечээ, 2-июлда Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иштеп жаткан экскаватор 68 жаштагы айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Мындан улам 5 куткаруучу издөө иштерине чыгышкан. Буга кошумча 3 милиция кызматкери, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 КамАЗ, 1 экскаватор тартылды. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн кайрадан таң эрте 19 куткаруучу Куланак айылына издөө иштерине чыгышты. Ошондой эле суу чарба башкармалыгынан 25, ИИБден 5 адам жана жалпы 10 инженердик техника тартылды.