Кечээ, 3-июлда издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын 68 жаштагы тургунунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда айдоочу экскаватору менен түшүп кеткен. Аны издөө иштерин улантуу максатында Нарын райондук №16 ӨКБдан 19 куткаруучу тартылган.