Нарын дарыясынан 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын жансыз денеси табылды

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

29-июндан тартып дайынсыз жоголуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы тургундун сөөгү бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары табышкан. Буга байланыштуу Нарын районунун Учкун айылына караштуу Көк-Жар тилкесине Нарын шаардык №16 Өрткө каршы бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп издешкен. Издөө иштеринен жыйынтык болбогондуктан издөө убактылуу токтотулган.