Нарын дарыясынын жээгинде 6 жашар баланын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарынын «Титаник» эс алуу жайына жакын жерден Нарын дарыясынын жээгинде болжол менен 7-8 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Жерине республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 2 куткаруучу, 2 суучул жана 1 кайык менен тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 11-май күнү саат 13:15 чамасында 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу баланын жансыз денеси табылып, туугандары менен биргеликте ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.