Нарын жана Ат-Башыда катуу шамалдын кесепетинен имараттар зыянга учурады

Бүгүн, 10-майда Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда секундуна 12-24 метрге жеткен катуу шамал болду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Анын кесепетинен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы айылындагы 2 кабаттуу турак үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектептин жылытуучу отканасынын, Кара-Суу айылындагы 1 турак үйдүн, Дыйкан айылында 2 турак үйдүн, Калинин айылындагы мектептин спорт залынын, Май-Булак тилкесиндеги 1 мечиттин жана 3 турак үйдүн чатырчалары зыянга учурады. Мындан сырткары Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну шамалдын кесепетинен жабыр тартышып, райондук ооруканага жаткырылды.

Тез аранын ичинде район аймагындагы болгон катуу шамалдын кесепеттеринен келип чыккан зыяндын көлөмүн аныктап, абалды турукташтырууга болгон күч аракеттерди көрүү тапшырмасы берилди.