Кечээ, 4-февралда болжол менен саат 20:59 чамасында Нарын облусунда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Анын күчү Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 баллга, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.