Нарын облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 5 тилкесинде болжолдуу 10 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу бүгүн, 17-февралдан тартып, Нарын облусунун аймагына президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун 265 жана 314 чакырымында ИИМдин ЖКККБ тарабынан нөөмөт уюштурулган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыргандар жок.