Нарын облусунун тургундары баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш–жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө (ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун аймагында баңги каражаттарды таратууга катышы бар адамдар аныкталып, кармалды.

24-майда Нарын облусунун жергиликтүү жашоочулары К.Т., А.Б., Ж.А. жана А.Д. аттуу жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында «жапайы кара куурай» түрүндөгү баңги заты ири өлчөмдө табылып, алынды. Жогорудагы адамдар Жумгал районунан жана Ысык-Көл облусунан Нарын облусунун аймагына сатуу максатында «жапайы кара куурай» жана «гашиш» баңгизатын алып келүү менен тынымсыз алектенип келишкени аныкталды. Мындан улам, аталган жарандарга карата Нарын шаардык сотунун 26-майдагы чечими менен Нарын шаарындагы №24 мекемеге эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.