Нарын районунда сел жүрдү (видео)

Нарын облусунун Нарын районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 26-апрелде саат 9:30 чамасында Учкун айыл аймагында Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук бөлүмүнүн башчысы жана бөлүмдүн улук офицери жерине чыгып кетишти.