Нарында 25 жыл мурда мыйзамсыз берилип кеткен жер тилке айыл өкмөткө кайтарылды

Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ак-Кыя айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 1997-жылдагы чечими менен жаранга мыйзамсыз түрдө 22,5 гектар айыл чарба жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 20 жылга берилип кеткендиги аныкталган. Көзөмөл органы тарабынан прокурордук акты келтирилип, жогоруда аталган 10 миллион 12 миң 500 сомго бааланган 22,5 гектар айыл чарба жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылган.