Нарында 38 жаштагы келинди өлтүрүүгө кайын агасы шектелүүдө. Бирок ал өзү асынган абалда табылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 38 жаштагы келинди бир тууган кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, өз жанын кыйган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы «Дамбы» участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка муунуп каза болуп калыптыр деп билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Ат-Башы районунун 1971-жылы туулган тургунунун жансыз денеси мойнунан жип менен асылып турган абалында табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге маркумдун 1972-жылы туулган бир тууган иниси чакыртылган. Ал кечээги күндөн тарта, тактап айтканда, 15-июндан баштап болжол менен саат 12:00дөн бери анын 1983-жылы туулган аялынын  дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү сурап, арыз жазып берген. Аны издеп табуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштап, окуя болгон жерден алыс эмес, батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыктан аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда жансыз денесинде күч колдонулган белгилери аныкталган. Ат-Башы РИИБнин тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, аялды анын бир тууган кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, ал өз жанын кыйган.

Сотко чейинки өндүрүш  боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынды. Бул окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.