Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү 2 айга камакка алынды

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын облустук сотунан билдиришти.

28-апрелде Нарындагы Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Шектүү катары мас абалындагы 1959-жылы туулган ошол эле айылдын тургуну кармалган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткени маалым болгон.