Нарында 7 жаштагы кыздын жансыз денеси кароосуз калган үйдөн табылды. Шектүү кармалды

Нарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.

28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну милицияга 2016-жылы туулган кызы саат 15:30 чамасында мектептен чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, төмөндөгүлөр аныкталган:

Окуучу кыз Орто-Нура айылында жайгашкан үйүнөн мектепке жөө барып-келип окуп жүргөн. 28-апрель күнү саат 12:00 чамасында өзү жалгыз мектепке кетип, кайра саат 15:30да сабактан чыгып, болжол менен саат 17:00-17:30 аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы милиция кызматына билдирип жана айылдыктардын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган. Айылдын тургундары чогулуп издеп жүрүшүп, саат 22:10 чамасында кыздын жансыз денесин Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1959-жылы туулган Орто-Нура айылынын тургуну мас абалында табылды. Аталган факты Нарын РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (адам өлтүрүү) фактысы менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул факты ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.