Нарында айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, 2 адам жаракат алды

Нарын облусунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткендиктен, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Кызыл-Бел ашуусунда болгон.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында Лексус-RX300 унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган жана 1964-жылы туулган эки аял жеңил жаракат алышкан. Жабыркаган жарандар «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген», — деп билдирди ӨКМнын маалымат кызматынын өкүлү.