Нарында аялына бычак сайган шектүү 2 айга камакта калтырылды

Соцтармакта күйөөсү аялына бычак сайган видео тарап, милициядан окуя Нарында 31-августта болгонун кабарлашкан.

Нарын шаарынын 42 жаштагы тургуну Он-Арча базарында ашпоз болуп иштеген 43 жаштагы аялын бычак менен сайып салган. Жаракат алган аял ооруканага жаткырылса, жолдошу милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда 1983-жылы туулган жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Жабырлануучу аман калган.

Нарын ОИИБден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тастыкташкандай, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды.