Нарында бала бакча жана анын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун прокуратурасы Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылында жайгашкан 1 145 чарчы метр аянттагы бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз жеке тарапка өткөрүлүп кеткендиги аныктаган. Жалпы 1 миллион 250 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Жумгал районундагы №26 А.Өмүралиев атындагы кесиптик лицейдин жооптуу кызматкерлери расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Алар лицейде окубаган 7 окуучуну окуган катары көрсөтүшүп, аларга мыйзамсыз сертификаттар берилгендиги аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.